Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 5
Чаткал жалпы дарыгерлик практикалык борборуна керектүү медициналык аппараттары менен жабдылган автоунаа (реанимобиль) алууну сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 14.07.2020-жылдагы чыгыш № 01-18/608 сандуу катынын негизинде Чаткал жалпы дарыгерлик практикалык борборуна оорулууну коңшу район жана облустун борборуна жеткирүүдө көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына байланыштуу медицина талабына ылайык керектүү медициналык аппараттары менен жабдылган автоунаа (реанимобиль) алуу жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 14.07.2020-жылдагы чыгыш № 01-18/608 сандуу катын канааттандырылсын.
2. Чаткал жалпы дарыгерлик практикалык борборуна оорулууну коңшу район жана облустун борборуна жеткирүүдө көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына байланыштуу медицина талабына ылайык керектүү медициналык аппараттары менен жабдылган автоунаа (реанимобиль) алуу үчүн керектүү акча каражаты соц.пакеттен алуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |