Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 6
Каныш-Кыя айылына салынуучу ветеринардык клиниканын өздүк салымына төлөнүүчү акча каражат жөңүндө
Каныш-Кыя жайыт комитетинин 15.07.2020-жылдагы катынын негизинде АРИС менен биргеликте “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2” долбоорунун алкагында Каныш-Кыя айылына салынуучу ветеринардык клиниканын өздүк салымы үчүн 1 891 376 сом акча каражатын төлөп берүү максатта Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя жайыт комитетинин 15.07.2020-жылдагы каты канааттандырылсын.
2. АРИС менен биргеликте “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2” долбоорунун алкагында Каныш-Кыя айылына салынуучу ветеринардык клиниканын жалпы сметалык баасынан өздүк салым үчүн 1 891 376 (бир миллион сегиз жүз токсон бир миң үч жүз жетимиш алты) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |