Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 7
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон жыйында Кайың-Суу участкасына курулуп жаткан мектептин спорт залы талапка туура келбегендигине байланыштуу дагы 3 метр кошууга уруксат алуу жана керектүү акча каражатын чечип берүү боюнча маселени Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо максатта Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айылынын жергиликтүү тургундарынын элдик жыйынын №5 протоколу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Кайың-Суу участкасына курулуп жаткан 150 орундуу мектептин спорт залы талапка туура келбегендигине байланыштуу дагы 3 метр кошууга уруксат берилсин жана керектүү акча каражатын чечип берүү боюнча Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Мектептин долбоорлук сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча тиешелүү мекемеге сунуш кат жөнөтүү менен бирге даярдалган сметанынын негизинде Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүртүү боюнча тиешелүү жумуштарды алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |