Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 8
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча берилген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча берилген 7 557 600 сом акча каражатын бөлүштүрүү максатта Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. 6 ай ичинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнө кошумча берилген 7 557 600 (жети миилион беш жүз элүү жети миң алты жүз) сом акча каражатынан 4000 000 сом COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү боюнча Чаткал 80 фондусуна которулуп берилип, калган 3 557 600сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн.
75 600 сом айыл өкмөтүнүн 1% резервдик фондусуна
565 500 сом Чаткал айыл өкмөтү менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн чектешкен жериндеги монументти реконструкциялоого.
543 000 сом айыл аймактагы жаңы конуштарга жана электр чубалгыларын тартуу жана трансформаторлорду орнотууга кошумча төлөп берүүгө.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 29.05.2020-жылдагы №1 Токтомунда каралган суммадан биринчи жарым жылдыкта 957 600 сом COVID-19 илдети менен күрөшүүдө кызмат көрсөткөн мед.кызматкерлерге сый акы катарында төлөнүп берилсин.
2. 1 415 900 сомго балдар чыгырмачылык үйүнүн азыркы олтурган имаратын сатып алуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, жыйынтыгы боюнча иш алып баруу жагы бюджет жана соц.комитететке жүктөлсүн.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын жумшалышы боюнча иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына жана сый акы алуучу мед.кызматкерлердин тизмесин тактап сунуш кылуу жагы ЖДПБна милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |