Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 9
Башкы-Терек айылына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча тиешелүү акча каражатын бөлүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагында инфратүзүмдү жакшыртуу жана калкты сергек жошоого үндөө максатта Башкы-Терек айылына жабык кичи футбол янтчасын курууда жергиликтүү бюджеттеги үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл аймагында инфратүзумдү жакшыртуу, ошондой эле калктын саламаттыгына кам көрүүдө жергиликтүү бюджеттеги үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 4 500 000(төрт миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Аталган курулуш иши эки жылга пландаштырылып, тиешелүү ДСД жасатуу менен бирге тиешелүү курулуш ишин баштоо боюнча иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |