Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 10
Каныш-Кыя айылына кичи футбол аянтчасына кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын инфратүзүмүн жакшыртуу жана жаштарга жакшы шарттарды жаратуу максатта жабык кичи футбол аянтчасын курууда керектүү кошумча акча каражатын бөлүп жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айылына курулуучу жабык кичи футбол аятчасын курууда кошумча акча каражатын бөлүү менен жумушту толук кандуу бүкөрүп колдонууга берүү жагы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылына жабык кичи футбол аянтчасын курууда кошумча 4 465 898 (Төрт миллион төрт жүз алтымыш беш миң сегиз жүз токсон сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттеги үнөмдөлгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
3. Аталган курулуш иши эки жылга пландаштырылып, тиешелүү ДСДнын негизинде курулуш ишин баштоо боюнча иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |