Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 17
Каргалык айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык Каргалык айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын 2 жылдык мөөнөтү аяктагандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин1-2-3-4-7-пункттарына ылайык Каргалык айыл аймагындагы №2082 Казарман, №2083 Аэропорт, №2084 Жаныбаева, №2085 Чет-Булак, №2086 Макмал, №2420 Чарабай участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик мүчөлүгүнѳ кѳрсѳтүлгѳн талапкерлерди тизмеге ылайык 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитип берүү үчүн Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтѳт .
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |