Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 20
Айылдык кеңештин типтүү регламентинин 9-главасынын 9.10 пунктуна ылайык туруктуу комиссиялардын отчетун угуу жана 2020-жылга иш пландарын бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн «Өнөр жай, курулуш,байланыш,экология,архитектура боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламет,маданият жана социалдык маселелер боюнча» ,«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссияларынын бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссияларынын 2019-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссияларынын 2020-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |