Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 22
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын отчету жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариеванын 2019-жылдын жыл ичиндеги бюджеттин киреше-чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин киреше бөлүгү бекитилген план боюнча 17332,9 мин сом, ал эми бюджеттин тартыштыгына байланыштуу 7553,7мин сомду тартыштык менен кабыл алынган жалпы 24886,6 мин сом бекитилген ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 26708,9 мин сом өлчөмдө белгиленип, 28947,9 мин сомго киреше өндүрүлүп, же болбосо 108,4 пайызга, башкача айтканда 2239,0 мин сом ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 24886,6 мин сомго бекитилип,такталган план боюнча 28218,4 мин сом болуп кассалык чыгым 27085,5 мин сом болуп, 96 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү боюнча бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык иш баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Тендердик комиссиянын курамын түзүүдө мыйзамдуулугун карап ,жергиликтүү депутаттарынан курамына киргизүү жагы каралсын.
6. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардын мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктан түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго тапшырылсын.
8. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |