Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 23
2019-жылда Каргалык айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн иштер тууралуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун отчету жөнүндө
2019-жылда Каргалык айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн иштер тууралуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун 2019-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековдун 11.01.2019-жылдагы “2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө №1 жарлыгын жана 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын турмушка ашыруу боюнча Каргалык айыл өкмөтү тарабынан кабыл алган иш чараларын аткарууда -23,3% га, 2018-жылга салыштырмалуу тышкы инвестицияны тартууда -25%га аз аткаргандыгы белгиленсин.
3.Каргалык айыл өкмөтүнө сырт жактан инвестиция тартуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4. “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы менен 04.09.2019-жылдагы Социалдык колдоо жана шериктештик ,өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн башкы макулдашуу боюнча иш алып баруу жагы М.Акматбековко тапшырылсын.
5. Каргалык айыл аймагына тиешелүү аймакта райондун көчөсүндө ээн жүргөн малдардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берип, мыйзам чегинде көчөдө ээн жүргөн малдарды жоюу боюнча иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековко тапшырылсын.
6. МТС муниципиалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жана насыясын өз убагында төктүрүп көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |