Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 24
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик мамлекеттик Фондунун жерлерин ижарага түз берүү жөнүндө
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Матиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик Фондунун жерлерин ижарага түз берүү боюнча даярдалган материалдары толук болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |