Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 25
Каргалык айылдык Кенешинин 03.04.2020-жылдагы №10 токтомуна Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кенешинин 03.04.2020-жылдагы кезектеги ХХХI сессиясынын №10 токтомунун 6 пунктуна Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын 30.04.2020-жылдагы чыгыш №11/2-2- 195-20 каршылык билдирүүсүн жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юристтинин 14.05.2020-жылдагы чыгыш № 252 катын эске алуу менен өзгөртүү киргизилсин.
2. 03.04.2020-жылдагы №10 токтомунун 6-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизисин: Коронавирус COVID-19 илдетин алдын алуу максатында 2020-жыл ичинде кошуна чектешкен райондордон Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарына, Саймалуу-Таш жаратылыш паркына жана Токой чараба бөлүмүнө тиешелүү жайыттарга мал киргизүүдө жана жатакчыларды отургузууда Эпидемия жана эпизоотияны алдын алуу максатында тыкыр көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Минбаев, Саймалуу-Таш жаратылыш паркынын жетекчиси Т.Акулиев, райондук Токой чарба бөлүмүнүн жетекчиси Тагайбек уулу Дамир, ОАА жана МСЭКБнын башкы врачы А.Садырова жана Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы С.Раманкуловдорго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |