Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 26
“Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынын таштанды төгүүчү жайды тазалоодо кеткен чыгымдын тарифин бекитүү жөнүндө
«Өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Базаркуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынын балансында турган “Тагай” участкасындагы таштандыларды топтоочу жайга Тогуз-Торо районунун аймагында иш аракет жүргүзгөн бардык юридикалык жактар тарабынан төгүлгөн таштандылар үчүн 440,0 сом өлчөмүндө тариф бекитилип берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы “Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчиси С.Төрөбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Базаркуловко жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |