Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 27
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Саламаттыкты сактоонун өнүгүшүнө кошкон салымы, жогорку профессионалдуулугу үчүн Умаров Адина Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |