Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 3
Каргалык айылдык кеңешине акы төлөө негизинде кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин «жооптуу катчы» кызмат орду штаттык ырааттамасына ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |