Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 32
Жайыт комитетинин төрагасынын 2020-жылга карата жылдык планын жана жайыттын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» 26.01.2009-ж №30 мыйзамынын 5,6,10 беренелеринин, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009ж. №386 токтомунун негизинде Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата жылдык планын угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Каргалык айылдык кеңешинин жыл башында бекитип берген иш-планына ылайык иш аткаруусу милдеттендирилсин.
2. Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2020-жылга карата бир жылдык планы жана бюджети 580,0 мин сом, иш-чаралар планы, ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелери, жайыт жерлерди пайдалануу келишими, жайыт пайдалануу акысы, жайыт акыны чогултуу графиги, элге кызмат көрсөтүү боюнча акылары (тарифтери) жана келишимдери бекитилсин.
3. 2020-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- ири мүйүздүү малга – 50 сом;
- жаш бодого – 35 сом;
- кой, эчкилерге – 10 сом;
- жылкыга – 50 сом.
Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына башка райондордон, айыл аймактардан
келип ,келишим боюнча мал багуучуларга:
- ири мүйүздүү малга – 80 сом. кой, эчкилерге – 20 сом, жылкыга – 80 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу чөп чабынды, айдоо аянттарын көрүп, малга талатып жибербөө үчүн 2020-жылдын 01-апрелден башталсын. Күзгү жайыт мезгили 15-ноябрда аякталсын. Жазгы жайыттарга которуу 10-20-апрелге чейин, алыскы жайыттарга 01-майдан 01-июнга чейин жүргүзүлсүн.
5. Айылдарда жана көчө-көчөлөр боюнча бадалар уюштурулуп, айыл ичинде ар бир кожолукта эки баштан ашык уй кармалбасын.
6. Каргалык айыл аймагындагы үч жүздөн ашык кой, элүүдөн ашык уй, элүүдөн ашык жылкысы бар чоң фермерлер жана көп мал алып баккан бадачылар алыскы Ак-Козунун белине, Кылдоонун белине, Бычан, Миң-Жылкы жайлоосуна чыгаруу колго алынсын.
7. Менчиктин түрүнө карабастан табигый эгилме жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда конууга, мал жаюуга, ошондой эле айдоо аянттарын тийиштүү уруксат албастан мал айдап, ар кандай техникалардын түрлөрү менен тебелетип өтсө, жазында көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе, 15-октябрдан мурун көчүп келип графикти, ички тартип эрежелерди бузса Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин талаптарына жана жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимге ылайык айып салынсын жана эскертилсин.
8. Жайыт жерлеринен тоют топтоодо коммерциялык максатка пайдаланылбасын, тактап айтканда чөптү ашыкча чаап аны сатууга жол берилбесин жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Миңбаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Миңбаевге , Казарман айылынын айыл башчысы С.Кыдырбаевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго, участкалык инспектор С.Буйлашовко, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү Ш.Садыкбаевге, М.Турдубековго милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |