Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 33
«Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын 2020-жылга иш планын жана тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Каргалык МТС Муниципалдык ишканасынын директору А.Касымбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын ишин уюштуруу, иш алып баруу жана жалпы ишмердигин көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго, МТС МИ нин директору А.Касымбековго милдеттендирилсин.
2. «Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата иш планы жана техникалардын кызмат көрсөтүү акысы боюнча тарифи бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |