Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 34
Асфальт-бетон заводун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын батыш тарабындагы мурдагы «Макмалатын» комбинатынын ПМК-264 ишканасы пайдаланып келген, бүгүнкү күндө ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу бош жаткан жалпы 5,0 га жер аянтына асфальт-бетон заводун курууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |