Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 36
« Макмал Голд Компани »ЖЧКсынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын ) кезектеги ХХVI сессиясынын №46 токтому менен түзүлгөн комиссиянын маалыматын угуу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын ) ХХVI сессиясынын кезектеги №46 токтому менен түзүлгөн комиссиянын төрагасы Ж.С.Эсеналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 23.06.2020-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясына « Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун жүргүзгөн ишмердүүлүгүн кароодо башкы директору Сю Линдин келбегендиги белгиленсин.
2. 04-сентябрь 2019-жылы Администрациясы менен «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы социалдык колдоо жана шериктештик , өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн башкы макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбай жаткандыгы белгиленсин.(2.1.6, 2.1.14-2.1.20)
3.27-сентябрь 2019-жылы «Кыргызалтын» ААКсы менен «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы шериктештик өз ара кызматташуу боюнча түзүлгөн башкы макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттер аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
4. 2020-жылдын майында социалдык тармакта чыгып жаткан « Макмал » руднигинин күн чыгыш тарабындагы макалада көрсөтүлгөн окуядагы экологиялык мыйзам бузууну кайра калыбына келтирүү жагын (зыянсыздандыруу) көзөмөлдөө менен, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы райондук экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына жана Тогуз-Торо райондук ОАА жана МСЭКБсуна милдеттендирилсин.
5. « Макмал Голд Компани » ЖЧКсынын жүргүзгөн ишмердүүлүгүндө айлана - чөйрөнү коргоодогу тартип бузуулары боюнча көзөмөлдөп туруу райондук экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына жана Тогуз-Торо райондук ОАА жана МСЭКБсуна милдеттендирилсин.
6. 04-сентябрь 2019-жылы Тогуз-Торо администрациясы жана 27-сентябрь 2019-жылы
« Кыргызалтын » ААКсы менен түзүлгөн келишимдеги укуктар жана милдеттерди өз мөөнөтүндө так аткаруу жагын көзөмөлдөө жүргүзүү менен иш алып баруу жагы Тогуз-Торо райондук администрация башчысы-аким А.К.Кожошовго жана « Кыргызалтын » ААКсынын төрагасы А.М.Алимбековго милдеттендирилсин.
7. Тогуз-Торо районундагы калк үчүн жумуш орундарын уюштуруу, кенди иштетүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын мүмкүн болушунча кеңири пайдалануу, иштерге тартуу максатында жергиликтүү тургундарды кесипке даярдоону райондук кесиптик №45 лицей менен биргеликте уюштурууну, 4-сентябрь 2019-жылы Тогуз-Торо райондук администрациясы менен «Макмал Голд Компани » ЖЧКсы, социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн башкы макулдашуудагы 3.5 пунктуна ылайык көрсөтүлгөн милдеттерге кошумча пункт киргизүү администрацияга сунушталсын.
8. 27-сентябрь 2019-жылы «Кыргызалтын» ААКсы менен « Макмал Голд Компани » ЖЧКсы шериктештик өз ара кызматташуу боюнча түзүлгөн башкы макулдашууда көрсөтүлгөн 6.2.4 пунктундагы көрсөтүлгөн убактылуу рекультивация ишин жүргүзүү 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылбаса тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде укуктук баа берүү үчүн кайрылуу жөнөтүлөөрү белгиленсин.
9. Жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү жана өз алдынча башкаруу ж.б. органдарынын өкүлдөрүнөн катыштырып дайыма коомдук-экологиялык мониторинг жүргүзүп туруу үчүн бир айлык мөөнөт ичинде атайын экспертизалык топ түзүү жагы Администрацияга жана « Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын башкы директору Сю Линге милдеттендирилсин.
10. «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн ушул күнгө чейин жүргүзгөн жана аткара турган иштери тууралуу коомчулукка жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымат берилбей жаткандыктан коомчулукка ар бир жарым жылдыкта, бир жылда эки жолу, жергиликтүү кеңештин депутаттарына кварталына бир жолу маалымат берип туруу жагы Администрацияга жана « Макмал Гол Компани» ЖЧКсынын башкы директору Сю Линге милдеттендирилсин.
11. 01-сентябрь 2019-жылдагы №57-токтому менен кайрылган 4 пункттан турган тартип бузуулар толук кандуу аткарылбагандыгы белгиленсин жана КРнын Ѳкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы М.Ж.Жыпаркуловго кайра текшерүү үчүн кайрылуу жөнөтүлсүн.
12. «Макмал Голд Компани » ЖЧКСынан Макмал участкасына чейинки автоунаа жолун оңдоп түздөө иштерин жүргүзүү « Макмал Голд Компани » ЖЧКСынын башкы директору Сю Линге милдеттендирилсин.
13. «Макмал Голд Компани » ЖЧКСына жумушка алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо, атайын кийимдер менен камсыз кылуу, эмгек акыларын которуу Башкы Макулдашуунун 2.1.8, 2.1.9, 2.1.10, 2.1.11-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагы « Макмал Голд Компани » ЖЧКСынын башкы директору Сю Линге милдеттендирилсин.
14.Тогуз-Торо районунун тургундарынан, Айылдык кеңештин депутаттарынан жана мекеме-ишканалардан барган кайрылуу каттарды өз убагында карап, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирбестен жообун берип туруу жагы « Макмал Голд Компани » ЖЧКСынын орун басары Д.Ж.Шериповго милдеттендирилсин.
15. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
16.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Д.Жунусакунов |