Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 37
Тогуз-Торо Таза Суу муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата карата штаттык бирдигин жана сметасын бекитип берүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тогуз-Торо Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директорлук кызматына М.Казиевге макулдук берилсин .
2. «Тогуз-Торо Таза Суу» муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата штаттык бирдиги, киреше жана чыгаша булактары бекитилсин.
3. «Тогуз-Торо Таза Суу» муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата керектелүүчү 726,5 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Тогуз-Торо райондук Ѳнүктүрүү фондуна жана Казарман фондуна сунyшталсын.
4. Водхоз участкасынан чыгарылган таза сууну «Тогуз-Торо Таза Суу» муниципалдык ишканасынын балансына өткөзүп алуу боюнча иш алып баруу жагы М.Казиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |