Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 38
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ГАЗ-53(ВШК) авто унаасын ижарага берүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХIII сессиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы №18 токтомунунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Торо райондук РЭТ мекемесине эки тараптуу келишимдин негизинде ГАЗ-53 (ВШК) мамлекеттик номери 0763 DU, 1989-жылы чыккан авто унаасы чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүлүп берилсин .
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |