Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 171
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн калкын, чарба жүргүзүүаймактардагы өндүрүштүк социалдык обьектилерди өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу коркунучтардан(GOVID-19 коронавирус) коргоо үчүн мектеп,бала бакчаларга жайкы ремонт иштери үчүн каралган акча каражаттарын жылдырып берүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн калкын чарба жүргүзүү аймактардагы өндүрүштүк социалдык обьектилерди өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу коркунучтардан (GOVID-19 коронавирус) коргоо үчүн мектеп, бала бакча,айылдык китепкана,клубдарга жайкы ремонт иштери үчүн 338,8 сом акча каражаттарын запаска кармап туруу боюнча жылдырып берүүгө Токтогул раймамадминистрациясынын №16,10 протоколунун тапшырмаларынын негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнүн штаб башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппарат, мектеп, бала бакча,айылдык китепкана,клубдардын жайкы ремонту жана сатып алууларына каралган 338,8 сом акча каражаттарын (COVID-19 коронавирус) эпидемиологиясынын алдын алуу боюнча запаска кармап туруу үчүн 338,8 сом акча каражаты статьялар боюнча жылдырыпбекитилип берилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппараттын 2221-статьясынан 100,0 миң сом,жалпы билим берүү мектеби 2221-статьясынан 120,0 миң сом,башталгыч мектеби 2222-статьясынан 35,0 миң сом,балдар бакчасынын 2221-статьясынан 35,0 миң сом,клуб 2221-статьясынан 30,8 миң сом, айылдык китепкана 2221-статясынан 18,0 миң сом,жалпы 338,8 миң сом жайкы ремонт иштерине каралган акча каражатын Аппараттын жеңилдиктер 2721-статьясына отургузуу жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Жогорудагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппарат, мектеп, бала бакча,айылдык китепкана,клубдардын жайкы ремонту жана сатып алууларына каралган 338,8 сом акча каражаттарын бюджет комитети менен биргеликте карап, акча каражатынын чыгымдалышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |