Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 173
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата айылында «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун» алкагында иш алып барууда чыгымдалган материалдардын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата айылында «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун» алкагында иш алып барууда чыгымдалган материалдардын тарифтерин бекитип берүүдө долбоор боюнча иш алып барып жаткан мастер Жийдебек уулу Майрамбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата, айылында «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун» алкагында иш алып барууда кудуктан үйгө чейинки аралыгына бир метрине казууга,көмүүгө жана жаткырууга шлангага чыгымдалган эсептик тарифи 120 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына жардам берүү көзөмөл жасоо Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |