Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 174
Бада баалары,суугат суу, таза суу жана техникалар боюнча кызмат көрсөтүү бааларын бекитүү жөнүндө.
Бада баалары,суугат суу, таза суу жана техникалар боюнча кызмат көрсөтүү акысы боюнча айыл өкмөттө тиешелүү адистер тарабынан кызмат акылары белгиленген, (СOVID-19га) байланыштуу тракторлордун жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу раценкаларын бекитүү боюнча ар бир айылда көчө боюнча чогулуштар өткөрүлбөй мурунку жылдагы иштелип чыккан баалар бойдон калтырылды. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы жалпы суммасы 1 га айдоо үчүн 30 л күйүүчү май 1000 сом, малалоо үчүн 10 л күйүүчү май 300 сом,себүү 10 л күйүүчү май 400с, культивация 10 л күйүүчү май 400с, агент салуу үчүн 10 л күйүүчү май 300 с,рама салуу үчүн 10 л күйүүчү май 300 сом жана чабынды чөптөрдү чабуу грабили менен 2,500,1 кип үчүн 20 сом өлчөмдөрүндө бекитилсин.
2. Суугат сууга төлөнүүчү акы 50(элүү) сом, таза сууга төлөнүүчү акы үйдөн чыккан сууларга ай сайын 80(сексен) сом, көчөдөн алган сууларга ай сайын 20( жыйырма) сом, мусор чыгарууга ай сайын үй башына 20(жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бадага алып чыккан бадачылар малдын башына ала турган баасы бир баш бодо малга 300 сом, жандык малга 50 сом өлчөмүндө бекитилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |