Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 19-июну № 175
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн салык пландарынын2020-жылдын 5 айында аткарылышы боюнча башкы салыкчы А.Ырысбаевдин отчету жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн салык пландарынын 2020-жылдын 5 айында аткарылышы боюнча башкы салыкчы А.Ырысбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин ХХХV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн улук салыкчысы А.Рысбаевдин 2020-жылдын 5 айында жүргүзүлгөн иштери кетирген кемчилдиктери менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн салыкчыларынын айрым кемчиликтерин оңдоо жана план тапшырмаларды өз убагында аткаруу жагы салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөттүн бюджеттик абалын чыңдоо багытында иштерди тереңдетип, кошумча каржы булактарын издөө, салыктарды өндүрүү багытында иш алып баруу жагы улук салыкчы А.Рысбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |