Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 176
Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү фондун жерлерин пайдалануу жана трансформатция боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө.
Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү ,фонддун жерлерин пайдалануу жана трансформатция боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкулап айылдык кеңештин кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү ,фонддун жерлерин пайдалануу жана трансформатция боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ижара акылары жана социалдык төлөмдөр,жер салыктары мурда белгиленген өлчөмдө жердин асылдуулугуна, суу менен камсыздалышына, түшүмдүүлүктүн сапатына жараша Үч-Терек айылындагы Кум-Ой участкасындагы № 83 контурдагы 13,40 га, жердин 1 га жедин баасы 6500 миң сомдон, № 87-контурундагы 13,0 га жердин баасы 5000 миң сом, №80 контурундагы 3,0 га жердин баасы 4000 миң сом, № 28 контурундагы 3,30 га жердин баасы 3500 миң сом,№ 88 контурдагы 9,70 га жердин баасы 5000 миң сом, рабкооптун алдындагы 2,1 га жердин баасы 6000 миң сомдон,Саргата айылындагы Көк-Жар участкасындагы 14,0 га жердин баасы 3500 сомдон,0,70 га жердин баасы 2500 баасы, Сары-Таш суу түтүкчөсүндөгү 5,0 га жердин баасы 5000 миң сом,жолдун алдынкы бөлүгүндөгү 6,0 га жердин баасы 4500 миң сом, ал эми жогорку зоонадагы Жетиген айылынын фонддо калган жерлеринин 1,га жердин баасы 1500 сомдон, Кызыл-Ураан айылынын фонддо калган жерлеринин баасы 1 га жеринин баасы 1500 сомдон болуп бекитилсин.
3. 2020-жылда айыл-чарба өсүмдүктөрүн жогорку өлчөмдө сапаттуу үрөөндөрдү алыш үчүн жер семирткичтер менен камсыз болушун өз убагында көзөмөлдөп, оруп жыйуу иштерин ийгиликтүү өткөрүү жагы жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн орун басары А.Байсабаевке жана жер адиси К.Абазовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |