Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 179
Үч-Терек айылдык кенешинин депутаттары тарабынан айтылган суроо талаптарды, сунуштарды бекитүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кенешинин депутаттары тарабынан айтылган суроо талаптарды, сунуштарды бекитүү жөнүндө Үч-Терек айылдык кенешинин кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кенешинин кезектеги ХХХV сессиясындадепутаттар тарабынан айтылган суроо талаптардын, сунуштардын иш чарасы бекитилсин.( Иш чара тиркелет)
2. Иш чаранын аткарылышы боюнча тийешелүү мекеме уюмдар менен бирдикте чечип, аткарылышы боюнча билдирүү берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы коомдук башталыштагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
Үч-Терек айылдык кенешинин 2020-жылдын
19- июнундагы VII чакырылышынын кезектеги ХХХV
сессиясынын № 179 токтомуна 1 тиркеме.
Үч-Терек айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХХХV
сессиясында айтылган суроо талаптардын, сунуштардын
ИШ ЧАРАСЫ:
№-№ | Аты,атасынын аты. | Суроо талаптардын сунуштар-дын кыскача мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат |
1. | Ибраимов Бектурсун | 1.Ветеринария боюнча тейлөөдө тарифтерин ар кандай баада алынып жатат | 2020-ж ичинде | Айыл өкмөт |
2. | Калматов Нурбек | 1.Көл баскан жерлерди көзөмөл жасап,жалпы Үч-Терек айылынын жашоочуларына бөлүп бербесе,саналуу эле трактористер гектарлап айдап,өздөрүнөн артканын сырттагы коңшу айыл тургундарына сатып жатышат. 2.Жамандык болгон үйдө мал союусуна,чыгымына чектөө киргизилсе | 2020- жыл ичинде | Айыл өкмөт |
3. | Оморов Тойчубек | 1.Үч-Терек айыл тургуну Макеев Төлөгөн бош жаткан жерден иштетүүгө сураган экен,комиссиянын негизинде каралса. 2.Кызыл-Ураан айылынындагы Байбиче-Булак суусу поливнойго куюлса. | Тез арада
2020-жыл ичинде | Айылдык кеңеш |
4 | Кулманбетов Зыпарбек | 1.Биз депутаттар Ж.Убайдыл-даевдин 3 гектар жерди өздөштүрүүсүнө каршы болдук эле,азыркы күндө көптөгөн жерди королоп тосуп алган экен эл каршы болуп жатат.Эмненин негизинде тосуп алды такталса. 2.Саргата айылынын тургундарынын кайрак жерлери тартылып бериле элек жөн эле налог төгүп келишүүдө.21 дыйкан –чарбанын башчыларын чакырып тез арада коддору белгиленип берилсе. | Тез арада
Тез арада | Айыл өкмөт |
5 | Калманбетова Жыпара | Үч-Терек айылына Мастерской участкасына трансформатор келген,ошол коюлуп бнрилсе. | 2020-ж ичинде | Айыл өкмөт |
6 | Кадыров Чынгыз | Жетиген айылында аренда жерлери мурдагы берилген бойдон улуу адамдар эле иштетип келет.Ошолор жаныртылып жаштарга да бирдей бөлүнүп берилсе. | 2020-ж ичинде | Айыл өкмөт |