Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 180
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштери,больница, поликлиника,аптекалар, ФАПтардынжүргүзгөн иштери жөнүндө.
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишитери, больница, поликлиника, аптекалар, СВА,ФАПтардын жүргүзгөн иштери боюнча Ч.Орозов атындагы больницанын башкы врачы Мээримбек Касымалиевичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайгашкан ЖДПБ, ГСВ, СВА, ФАПтардын учурдагы Коранавирус оорусунун алдын алуу жана жайылып кетпеши үчүн учурдагы кырдаалда жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айылдардагы СВА,ФАП, Ч.Орозов атындагы ЖДПБ, ГСВ, ооруканасынын башчыларына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын.
-картайган бак,мөмө жемиштерди жашартуу жана айланасына гүл олтургузуу;
- учурдагы COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көчөлөрдү кыдырып ооругандар болсо медициналык жардам көрсөтүү жагы;
-ооруканада жугуштуу ооруларды жаткыруу үчүн атайын шарттарды түзүү;
-ооруканага кайрылган оорулууларды мед.кызматкерлер атайын костюмдарды кийип санитардык эрежелерди толук сактагандан кийин кабыл алып көрүү жагы;
-оорулуу (коронавирус)оору чыккан мезгилде кабыл алуу үчүн изоляция бөлмөсүн ар дайым даярдыкта кармоого;
- учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда калкты медициналык жактан тейлөөдө, оорулууларды дары-дармек,тамаш-аш менен камсыз болуусун көзөмөлгө алуу.
3. Уч-Терек ЖДПБнын, СВА, ФАПтардын медицина кызматкерлеринин иш убагында эмгек тартибинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүү жана сессияда депутаттар тарабынан айтылган кызматкерлердин кызмат оордун кароо жагы ЖДПБнын башкы врачы М.Орозовка милдеттендирилсин.
4. Аткарылган иштер жөнүндө билдирүү берип туруу жагы ЦОВПнын башкы врачы М.Орозовка тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |