Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 181
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунун негизинде айылдыккеңешке акы төлөө кызмат ордунун 1 штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 «Айылдык кеңешке акы төлөө негизиндеги кызмат ордунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алуу менен, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунун негизинде айылдык кеңешке акы төлөө кызмат ордуна 1 штат бирдиги бекитилсин.
2. Берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн штат бирдигинин финансылык каржылоосун камсыз кылып берүүФинансы министрлигинин Токтогул башкармалыгынан суралсын.
3. Штаттык бирдикке тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевкө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |