Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 18
«Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынан» бөлүнгөн 350000 сом акча каражаты менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн чатырчасын алмаштыруугу макулдук берүү жөнүндө.
«Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынан» бөлүнгөн 350000 сом акча каражаты менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн чатырчасын алмаштыруу боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, колдоого алып, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VIIчакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынан» бөлүнүп берилген 350000 миң сом акча каражаты менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн чатырчасын алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 22221100 статьясына атайын эсептен бөлүнгөн 350,0 (үч жүз элүү миң) сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3.Жогорудагы көрсөтүлгөн багыт боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 22221100 статьясынан жалпы 350000 миң сом акча каражатын өз убагында жумшоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевкө милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет-финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |