Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 183
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген айылынын Ак-Жар участкасында жайгашкан №42 Т.Молдомусаев атындагы башталгыч билим берүү мектеби ыссык тамак ашка киргендигине байланыштуу ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 64480 сом акча каражатын кароо жөнүндө.
2020-жылга №42 Т.Молдомусаев атындагы башталгыч билим берүү мектеби БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында каржыланмакчы.Ошол себептен жогоруда аталган мектептин ашканасын бардык талаптарга жооп бере тургандай кылып капиталдык оңдоп түзөө иштерин жасоо үчүн 64480
сом акча каражатын карап берүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, колдоого алып, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VIIчакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген айылынын Ак-Жар участогундагы №42 Т.Молдомусаев атындагы башталгыч билим берүү мектеби ыссык тамак ашка киргендигине байланыштуу ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 64480 (алтымыш төрт миң төрт жүз сексен )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бекитилген 64480 (алтымыш төрт миң төрт жүз сексен ) сом акча каражатынын чыгымдалышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |