Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну №184
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылына курулуу алдында турган кичи футбол аянтчасына колдонулган жасалма килем 924м2 (искусственный травы-комплект) жана тосмолору үчүн колдонулган керектүү курулуш материалдарын (темир труба, оцинкованный темир сетка, ворота ж.б.) сатып алууга 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын карап берүү жөнүндө.
“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо”- жылында Үч-Терек айыл аймагындагы жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоор катары жактырылган «Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу» - долбоорунун, кичи футбол аянтчасына колдонулган жасалма килем 924м2 (искусственный травы-комплект) жана тосмолору үчүн колдонулган керектүү курулуш материалдарын (темир труба, оцинкованный темир сетка, ворота ж.б.) сатып алууга Токтогул райондук атайын эсептен 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын чечип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетиген айылына курулуу алдында турган кичи футбол аянтчасына колдонулган жасалма килем 924 м2 (искусственный травы-комплект) жана тосмолору үчүн керектүү колдонулган курулуш материалдарын (темир труба, оцинкованный темир сетка, ворота ж.б.) сатып алуу үчүн 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты, Токтогул райондук атайын эсептин 2020-жылга кирген планынан Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын курууга бөлүнүп берилсин.
2. Каралган 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын Токтогул райондук атайын эсептен айыл өкмөттүн эсебине котортуп, камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 22221100 статьясына атайын эсептен бөлүнгөн 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Жетиген айылына курулуу алдында турган кичи футбол аянтчасына колдонулган жасалма килем 924 м2 (искусственный травы-комплект) жана тосмолору үчүн керектүү колдонулган курулуш материалдарын (темир труба, оцинкованный темир сетка, ворота ж.б.) сатып алууда керектүү документтерди даярдап, көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |