Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну №185
«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү»Долбоорунун /ПРЖР-2/ алкагында берилүүчү гранттын эсебинен алынуучу МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактор, кылкандуу дан эгин себүүчү сеялка бир даана, чөп чапкыч бир даана атайын техникалардынөздүк салымы үчүн 620,0 миң сомду райондук атайын фонддон бөлдүрүп берүү жөнүндө.
«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» Долбоорунун /ПРЖР-2/ алкагында берилүүчү гранттын эсебинен алынуучу МТЗ-82 үлгүсүндөгү
трактор, кылкандуу дан эгин себүүчү сеялка бир даана, чөп чапкыч бир даана атайын техникалардын өздүк салымы үчүн 620,0 миң сомду райондук атайын фонддон бөлдүрүп берүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1. «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» Долбоорунун /ПРЖР-2/ алкагында берилүүчү гранттын эсебинен алынуучу МТЗ-82 үлгүсүндөгү
трактор, кылкандуу дан эгин себүүчү сеялка бир даана, чөп чапкыч бир даана атайын техникалардын өздүк салымы үчүн 620,0 (алты жүз жыйырма миң) сомду райондук атайын фонддон бөлдүрүп берүү жагы каралсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 3112 статьясына атайын эсептен бөлүнгөн 620,0 (алты жүз жыйырма миң) сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун ишке ашырылышы жана Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин гранттык эсебине которуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери К.Көкөекге милдеттендирилсин.
4.Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч- Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |