Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 1
“Чаткал айыл өкмөтүнүн 2021 жылга карата бюджетин бекитүү”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2021-жылга карата болжолдуу бюджетин долбоору боюнча сунушун Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2021-жылга 24734,8 мин сомго анын ичинен тендөөчү грант 9793,4 мин сом, атайын каражат 3625,2мин сом болуп бекитилсин.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2021-жылга болжолдуу планынын чыгаша бөлүгү 24734,8 мин сомго анын ичинен 3625,2 мин сом атайын каражат бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс” боюнча мыйзамына ылайык 247,3 мин сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынын 1% чейинки көлөмдө айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду түзүлсүн.
6. Жыл ичинде жергиликтүү бюджетин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөтүүлөрдү киргизүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төраганын орун басары |
Субанов С. |