Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 2
“2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү ”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору боюнча маалыматын угуп талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жактырылсын.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022- жылга карата болжолдуу долбоору 25119,6 мин сомго, 2023- жылга карата болжолдуу долбоору 25476 мин сом болуп бекитилсин.
4. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2022-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 25119,6 мин сом, 2023-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 25476 мин сомго ылайык бекитилсин.
5. 2022-2023-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир заарылчылык мезгилде аларды кабыл алууда талкуулоо менен кабыл алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төраганын орун басары |
Субанов С. |