Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 3
“2020-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун жана Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушу эске алынсын .
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бекитилген киреше бөлүгүнүн планынан 14511200 статьясынан 501,5 мин сом коюлган пландан ашык аткарылгандыгы эске алынсын жана киреше бөлүгүнөн ашыкча аткарылган 501,5 мин сом төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:
-Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 266,5 мин сом,
-мектепке чейинки билим берүү тармагынын 22221100 статьясына 90,0 мин сом, 22221200 статьясына 65,0 мин сом, билим берүү тармагына жалпысы 155,0 мин сом,
-билим берүү тармагынын 22221100 статьясына 50,0 мин сом, 22154900 статьясына 30,0 мин сом, жалпысы билим берүү тармагына 80,0 мин сом.
Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына толугу менен жылдырсын.
Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бекитилген чыгаша бөлүгүнүн планынын эсебинен билим берүү тармагынын 22311200 статьясынан 645,6 мин сом акча каражаты кыскартылып берилсин. Кыскартылган акча каражаты төмөндөгүдөй багытта чыгымдалсын:
-Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 стаьясына 421,4 мин сом, 22141900 статьясына 15,0 мин сом, 22221200 статьясына 19,2 мин сом, жалпысы башкаруу тармагына 415,6 мин сом,
-мектепке чейинки билим берүү тармагынын 22221200 статьясына 70,0 мин сом,
-билим берүү тармагынын 22221200 статьясына 120,0 мин сом, жалпысы билим берүү тармагына 230,0 мин сом.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн атайын каражаттык эсебине түшкөн 6320,0 мин сом акча каражатынын эсебинен төмөндөгүдөй багытта чыгымдоо жагына уруксаат берилсин.
-Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 60,0 мин сом, 22221200 статьясына 260,0 мин сом, 31113110 статьясына 2000,0 млн сом.
4. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төраганын орун басары |
Субанов С. |