Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 1
«Чаткал айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү жөнүндө”
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46,50-беренелеринин негизинде Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин жана коюлган милдеттеринин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы аткарган иштери боюнча отчету жана коюлган милдеттеринин аткарылышы жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, аткарылышы боюнча отчету айрым кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго тапшырылсын.
Чаткал айылдык Кеңешинин Төрагасы |
Эргеш уулу У |