Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 4
«Ак Таш айылындагы Үч Коргон көчөсүнө Исматов Шарипбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, маркум Исматов Шарипбайдын ысымын Ак Таш айылындагы Үч Коргон көчөсүнө ыйгаруу боюнча Үч Коргон көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Чаткал айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
2. Ак Таш айылындагы Үч Коргон көчөсүнө Исматов Шарипбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнүсу көзөмөлдөнүп, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Исматов Шарипбайдын үй-бүлөсүнө жана жакын туугандары менен бирге Чаткал айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиянын жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин Төрагасы |
Эргеш уулу У |