Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 7
“Кен казуу ишканалары жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүндөгү кен казуу ишканаларынын айыл өкмөтүндөгү өкүлдөрүнүн аткарган иштери боюнча сунушун угуп жана талкулап Чаткал айылдык кенешинин кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал өрөөнүндөгү кен казуу ишканаларындагы дайындалган айыл аймактын атайын өкүлдөрүнүн аткарган иштери эске алынсын.
2. Кен казуу ишканаларына жумушка орношууда айыл өкмөтүнүн миграция адиси менен атайын фирманын өкүлдөрү биргеликте иш алып барышсын жана өкүлдөр үчүн жумасына 2 күн айыл өкмөтүндө иштөө жагы милдетендирип атайын отуруучу бөлмө менен камсыздоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ак таш айылына караштуу Кызыл Алма участкасындагы мыйзамсыз казылып жаткан жер боюнча мыйзамдуулугун карап чыгып айыл өкмөтү тарабынан такталып тийиштүү мекемеге кат берилсин.
4. Вертекс ишканасынын фабрикасында жалпы иштөөчүлөрдүн так санын жана Чаткал айыл аймагынан канча жумушчу орношкондугу боюнча маалымат алуу үчүн атайын фабриканын жетекчисине кат берилсин.
5. Чаткал айыл өкмөтү менен кен казуу ишканаларынын атайын сүйлөшүүлөрдүн негизинде ар кандай демөөрчүлүк менен келишим түзүлгөн жардамдар айыл аймагынын эсептик счетуна түз которуп берүү боюнча кен казуу ишканаларынын жетекчилерине кат берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш жүргүзүү Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдетендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин Төрагасы |
Эргеш уулу У |