Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 10
“Ар кандай коопсуздук абалга акча каражатын кармоо жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун ар кандай коопсуздук абалдарды алдына алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2020-жылдагы айыл аймакта ар кандай коопсуздуктарды алдына алуу жөнүндө өзгөчө абалга акча кражатын кармап туруу маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ар кандай коопсуздук абалдарды алдына алуу үчүн акча каражаты ар кандай чыгымдардын эсебинен каралып берилсин.
3. Акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы |
Эргеш уулу У |