Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 1
“Жайыт комитетинин болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө”
Чаткал айыл жайыт комитетинин 2020-жылга карата болжолдуу бюджети боюнча Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча комитетинин чечимин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылга карата сунушталган болжолдуу бюджетинин долбоору боюнча эске алынсын.
2. 2020-жылга болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2 735 810 мин сом болуп бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата ички тартибинин жобосу жана 2020-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана макулдашуунун негизинде бекитилсин.
4. Чаткал жайыт комитетинин бардык кызматкерлеринин айлыгы бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына карата 50% дан төлөп берүү жагы белгиленсин.
5. Чаткал жайыт комитетинин 2020-жылга карата Техникаларынын жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүсү бекитилсин.
6. Чаткал жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча азыркы кырдаалга байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
7. Чаткал айыл аймагындагы малды жаз күз мезгилдерине карата жайыттарга жайгаштыруу мыйзам чегинде жүргүзүлсүн жана башка аймактан келе турган мал жандыктарды атайын постон текшерип өткөрүүнү колго алышсын жана келүү графиктердин негизинде иш жүргүзүшсүн.
8. Жогорудагы кабыл алынган чечимдерди өз убагында аткаруу жагы Чаткал жайыт комитетинин төрагасы М.Ашырбаевге милдетендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин Төрагасы |
Эргеш уулу У |