Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 3
“Ар кандай маселелер жөнүндө”
Чаткал айыл аймагындагы ар кандай маселелер боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Россия федерациясындагы Чаткал фондунун кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен дотациядагы айыл өкмөтү болгондуктан Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Эшалиевге соц пакетин эсебинен акча каражатын берүү жөнүндө кат берилсин.
2. Алма бак боюнча көрктөндүрүү үчүн кошумча көчөт алып тигүү жана сууга керектелүүчү тех каражатарды камсыздоо айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
3. Жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо жана суугат жерлердеги Каналдарды ондоо боюнча иш колго алынсын.
4. Чаткал айыл аймагындагы бардык эгин эгилген талаалары жана тоют өсүмдүк бар жерлер толугу менен кайтарууга алууну уюштурсун жана кырдаалга байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан акча каражатары каралып берилсин.
5. Ет ГэО фирмасы боюнча рекултуация иштеринин жүрүшү боюнча иш жүргүзүлун.
6. Чаткал айыл аймагында көрктөндүрүү боюнча токтоосуз жүргүзүү жагы эске алынсын.
7. Аймактагы медицина кызматкерлерге жардам көрсөтүү боюнча ар бир медиктеридин аты жөнү такталып айыл өкмөтү тарабынан ар бирине 1000 сомдук материалдык колдоо көрсөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин Төрагасы |
Эргеш уулу У |