Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-октябры № 1
Чаткал айыл аймагына караштуу Курулуш айылынын Ири Сай участкасынан “ Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын чачыранды алтын казуу иштери боюнча арызын талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 18.08.2020-жылдагы № 01-17/547 кириш сандуу “Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын чачыранды алтын казуу жөнүндөгү жер пайдаланууга берген арызы боюнча Курулуш айылындагы жергиликтүү калктын суроо талаптарынын негизинде эл менен жолугушуудан кийин кайрадан сессияга сунушталсын.
2. “Акилбирс-Афлатун” ЖЧК сы менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын ишканага кат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Эргеш уулу У |