Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-октябры № 4
“Жергиликтүү бюджетке толуктоо киргизүү жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2020-жылдагы бюджетке кошумча акча каражатын бекитүү жөнүндөгү сунушу боюнча Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысын 2020-жылга карата бюджетине толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынан 22122100 статьясынан 50,0 мин сом, маданият тармагынан 22221100 статьясынан 100,0 мин сом, мектепке чейинки билим берүү тармагынан 22111100 статьясынан 47,8 мин сом, жалпысы 197,8 мин сом кыскартылсын башкаруу тармагынын 22154900 статьясына жылдырылып берилсин.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинде 2020-жылга калган калдыктан башкаруу тармагынын 31112390 статьясына коюлган 292,7 мин сом акча каражатын башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 169,7 мин сом, мектепке чейинки билим берүү тармагына 22211100 статьясына 25,6 мин сом, билим берүү тармагына 22211100 статьясына 97,4 мин сом акча каражатын жылдырылып чыгымдоо жагына уруксат берилсин.
4. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттык эсебине түшкөн 1 450,0 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй статьялар боюнча чыгымдалсын:
- Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 300,0 мин сом, 22221100 статьясына 200,0 мин сом, 22221200 статьясына 950,0 мин сом, жалпысы башкаруу тармагына 1450,0 мин сом бекитилсин.
5. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Эргеш уулу У |