Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-октябры № 1
“БАНАДА” ЖЧКсы жөнүндө
Чаткал айыл аймагына караштуу Кара Корум участкасынан 0,50га жер аянтына ОсОО “ БАНАДА” ишканасынын “Баластанит” ташын иштетүүгө макулдук берүү боюнча 06.10.2020-жылдагы арызы жана элдик жыйындагы кабыл алынган токтому боюнча талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чаткал айыл аймагына караштуу Кара Корум участкасынан “БАНАДА” ишканасына таш иштетүүгө жана тийиштүү иш кагаздарынын мөөнөтүн узартууга уруксат сураган арызы боюнча жергиликтүү тургундардын атайын жалпы чогулушунун токтомуна ылайык 0,50 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. БАНАДА ЖЧКсынын жетекчисине жерди КРнын Мыйзамдарына ылайык түзүлгөн долбоорунун негизинде иш жүргүзүү жана техникалык сыноонун жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө айыл өкмөтүнө берүү жагы милдетендирилсин.
3. БАННАДА ЖЧКсынын иш жүргүзүүсү боюнча элдик жыйында кабыл алынган токтомдун негизинде талаптарды аткарууга алууну ишке ашыруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Эргеш уулу У |