Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-октябры № 2
“Бюджетке кошумча акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2020-жылдагы бюджетке кошумча акча каражатын бекитүү жөнүндөгү сунушу боюнча Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысын 2020-жылга карата бюджетинин атайын каражаттык эсебине толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттык эсебине түшкөн 2500,0 мин сом акча каражаты кириштелсин жана төмөндөгүдөй статьялар боюнча чыгымдалсын:
- Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 500,0 мин сом, 31112390 статьясына 1 000,0 мин сом, жалпысы башкаруу тармагына 1500,0 мин сом, билим берүү тармагына 22221100 статьясына 1 000,0 мин сом,
3. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Эргеш уулу У |