Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июлу № 02
«Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2021-2022- жылдарга божомолу жөнүндө»
Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жана 2021-2022- жылдарга божомолу жөнүндөгү 2019-жылдын 15-июнунда Таш-Булак айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Аманкулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2020-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 18385,8 миң сом, 2021-жылга божомолу 18803,3 миң сом, 2022-жылга божомолу 18883,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2020-жылга долбоору 5541,8 миң сом, 2021-2022-жылдарга божомолу 5541,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана биринчи кезекте корголгон беренелерди ( эмгек акы, соц.фондко чигерүү коммуналдык чыгымдарды, тамак-аш) каржылоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2020-жылга долбоору 18385,8 миң сом, 2021-жылга божомолу 18803,3 миң сом, 2022-жылга божомолу 18883,3 миң сом өлчөмүндо бекитилсин.
4. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бекитилген 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |