Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июлу № 03
Таш-Булак айыл аймагынын 2020-2023-жылдарга карата “Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 3-п жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде,Таш-Булак айыл аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана ишке ашыруу планынын иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү Ж.Мусаеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кенешинин VI-чакырылышынын XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айылдык аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Таш-Булак айылдык аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы бекитилсин.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Таш-Булак айыл аймагыны WEВ сайтына жалпыга маалымдоо максатында жарыялансын. Бул токтом тиркемеси менен расмий жарыялангандан сон, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |