Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июлу № 09
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкулованын билдируусун карап жана талкуулап
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында келип түшкөн 391,4 ( үч жүз токсон бир миң төрт жүз) сом акча каражаты төмөнкүлөргө бөлүнүүсү бекитилсин:
а).Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы Б.Эргешов көчөсүнө жарыткычтар орнотуу үчүн 20000 (жыйырма миң)сом.
б).Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылынын Ж.Исманов көчөсүндө жайгашкан кичи стадионду ремонттоо үчүн 20000 (жыйырма миң)сом.
в).Жакынкы жайыт Сассык участкасында курулуп жаткан көпүрөнү кеңейтүү үчүн 50000 (эллү миң)сом.
г).ВИЧ СПИДге чалынгандар үчүн 8600 (сегиз миң алты жүз) сом.
д)”Таш-Булак суу” СПАсына сатып алынган техникалардан болгон карызди төлөөгө 292,8 (эки жүз токсон эки миң сегиз жүз) сом.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |