Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июлу № 10
“Доскана айылына курула турган балдар бакчасынын документин жасатууга бөлүнгөн акча каражатын элдердин таза суу маселесин чечүүгө бөлүп берүү жөнүндө”
Доскана айылынын элинин кайрылуусун карап таза ичимдик сууго болгон муктаждыктарын чечүү маселесин талкуулап
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Доскана айылына курула турган балдар бакчасынын документин жасатуу үчүн бөлүнгөн 70000 (жетимиш миң)сом акча каражат Доскана айылындагы таза суу меселесин чечүүгө ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |